ОПТИМАЛДУУ БАШКАРУУНУН СИНГУЛЯРДЫК КОЗГОЛГОН МАСЕЛЕЛЕРИ

Aibek Mamadalievich Toktorbaev · Вестник Ошского государственного университета Математика Физика Техника · 2022

Жумушта оптималдуу башкаруунун сингулярдуу козголууга ээ маселеси каралат. Ылдам жана жай өзгөрүүчү өзгөрмөлөрдүн оптималдуу башкаруудагы чектөөлөрүү көрсөтүлөт. Чек аралык катмардагы жана регулярдык аймакта пайда болуучу башкаруунун өзгөчөлүктөрү каралат. Жыйынтыгында функционал түзүлөт жана ал максимум принцибине таянуу менен изилденет. Чек аралык катмар курама ажыралмалар усулуна негизделип изилденет. Маселени изилдөөнү тактоо максатында козголууга ээ болбогон маселени оптималдуу башкарууга изилдөө жараяны конкреттүү мисалды келтирүү менен каралат. Бул учурда Понтрягиндин максимум принцибин колдонуунун өзгөчөлүгү эске алынды. Аны сингулярдык маселеге колдонууда кандай шарттарда орун алары да көрсөтүлдү.

Cited by 2 works. doi:10.52754/16948645_2022_1_11 Open-access PDF

Authors