ЖАШТАРДЫН ТУУРА ТАМАКТАНУУГА ЖАНА СЕРГЕК ЖАШООГО БОЛГОН МАМИЛЕСИ
Туголбай Мамаевич Мамаев, Фазлиддин Муйдинов, Rakhima Gaynazarovna Gaynazarova et al. · Bulletin of Osh State University · 2024
Бул макалада сергек жашоо образынын эң маанилүү аспектиси катары жаштардын туура тамактанууга болгон мамилеси каралган. Жаштардын саламаттыгын сактоо — коомдун эң маанилүү милдеттеринин бири болгондуктан, алардын арасында сергек жашоо образын калыптандыруу максатында ден-соолукту чыңдоо, аны пропагандалоо жана мотивациялоо зарыл. Анткени, туура тамактануу организмдин жашоо активдүүлүгүнүн негизги булагы. Бул жаштардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн аныктаган жана инсандын гармониялуу өнүгүшүн камсыз кылган эң маанилүү муктаждыктардын бири. Туура жана тең салмактуу тамактануу менен бирге, жаштар өздөрүнүн эмоционалдык жана физикалык саламаттыгын сактап кала алышат.Теманын актуалдуулугу- жаштар арасында туура эмес тамактануудан келип чыккан көйгөйлөрдүн арбындыгы жана алардын туура тамактанууга кайдыгер мамилеси. Азыркы күндө көпчүлүк жаштар өз рационунда мөмө-жемиштерди, жашылчаларды эт,балык жана ушул сыяктуу тамак-аштын түрлөрүн жетиштүү колдонушпайт. Тескерисинче, көп калориялуу, эркин канттарга жана туз/натрийге бай тамактарды көбүрөөк жешет (башкача айтканда-фастфуддарды тандашат). Макалада жаштардын сергек жашоо образын калыптандырууга болгон мамилеси талданып, социологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтары келтирилген.
Cited by 1 works. doi:10.52754/16948610_2024_3_3 Open-access PDF
Authors
- Туголбай Мамаевич Мамаев
- Фазлиддин Муйдинов
- Rakhima Gaynazarovna Gaynazarova
- Ainur Toktomamatovna Tutasheva
- Нурдөөлөт Мамаев
- Beкbolot Saparbekovich Arinbaev
References
- ОСОБЕННОСТИ ПИТАНИЯ СТУДЕНТОВ МЕДИЦИНСКОГО ВУЗА
- Relationships between inappropriate eating habits and problematic alcohol use, cigarette and waterpipe dependence among male adolescents in Lebanon
- Examining the Efficacy of a ‘Feasible’ Nudge Intervention to Increase the Purchase of Vegetables by First Year University Students (17–19 Years of Age) in British Columbia: A Pilot Study
- THE STATE OF MORBIDITY AND THE LEVEL OF AWARENESS OF STUDENTS ON ISSUES OF HEALTH PRESERVATION AND DISEASE PREVENTION
- НАСВАЙ И ЕГО ВЛИЯНИЕ НА ПОЛОСТИ РТА
- РОЛЬ ЭНЕРГЕТИЧЕСКИХ НАПИТКОВ В ЖИЗНИ СТУДЕНТОВ МЕДИЦИНСКОГО ФАКУЛЬТЕТА 3-КУРСА ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА: ВРЕД ИЛИ ПОЛЬЗА