ИЛЛЮСТРАЦИЯЛАНГАН ҮЙРӨТКҮЧТӨРДҮ КОЛДОНУУ ЖАНА АЛАРДЫН ЗАМАНБАП САНАРИПТИК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДАГЫ РОЛУ
Нуркасым Кылычбекович Аркабаев, Таңсулуу Назарбек кызы, Айгерим Орозбаева · Bulletin of Osh State University · 2024
Бул макала иллюстрацияланган үйрөткүчтөрдүн заманбап санариптик технологиялардагы ролун жана колдонулушун изилдейт. Иллюстрацияланган үйрөткүчтөрдүн тарыхый өнүгүүсү, алардын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү каралат. Макалада заманбап технологиялардын, анын ичинде кеңейтилген реалдуулук (AR), виртуалдык реалдуулук (VR), жасалма интеллект (AI) жана булуттук эсептөөлөрдүн иллюстрацияланган үйрөткүчтөргө тийгизген таасири талкууланат. Окуу процессин интерактивдүү жана жекелештирүү үчүн бул технологиялардын колдонулушу көрсөтүлөт. Иллюстрацияланган окутуучу программаларга коюлуучу талаптар жана алардын билим берүү мекемелериндеги артыкчылыктары сүрөттөлөт. Макала иллюстрацияланган үйрөткүчтөрдүн заманбап билим берүү системасындагы маанилүүлүгүн жана келечектеги потенциалын баса белгилейт. Ошондой эле, иллюстрацияланган үйрөткүчтөрдүн ар кандай предметтерди окутууда колдонулушу, алардын окуучулардын жетишкендиктерине тийгизген таасири жана мугалимдердин ишин жеңилдетүүдөгү ролу талданат. Изилдөө ыкмалары жана жыйынтыктары берилип, келечектеги изилдөөлөр үчүн сунуштар келтирилет.
Cited by 2 works. doi:10.52754/16948610_2024_3_9 Open-access PDF
Authors
References
- THE APPLICATION OF ARTIFICIAL INTELLIGENCE FOR MEASURING STUDENT PERFORMANCE
- Digitalization of Physics Teaching: Using Computer Models and Animations
- DIRECTIONS OF USE OF MULTIMEDIA TECHNOLOGY IN THE LEARNING PROCESS
- ЦИФРОВЫЕ ЛАБОРАТОРНЫЕ РАБОТЫ ПО МАТЕМАТИКЕ КАК ВОПЛОЩЕНИЕ КОГНИТИВНО-ДЕЯТЕЛЬНОСТНОГО ПОДХОДА К ОБУЧЕНИЮ БУДУЩИХ УЧИТЕЛЕЙ