ЖАШТАР АРАСЫНДА КИБЕРБУЛЛИНГ: СЕБЕПТЕРИ, КЕСЕПЕТТЕРИ ЖАНА АЛДЫН АЛУУ СТРАТЕГИЯЛАРЫ

Каныкей Бакытбек кызы, Жапаралиев Шербол Жапаралиевич · Вестник Ошского государственного университета Филология · 2024

Социалдык тармактардагы кибер зордук-зомбулук, бүгүнкү күндүн санарип коммуникациясынын жаңы жана опурталдуу чакырыгы болуп саналат. Технологиянын өнүгүшү жана социалдык тармактардын жашообузга жайылышы менен биз зордук-зомбулуктун жаңы формасына – кибер зордук-зомбулукка туш болдук. Бул көрүнүш онлайн рэкетчилик жана коркутуулардан баштап жалган маалыматтын (дезинформация) жайылышына жана жеке маалыматтарга мыйзамсыз кирүүнүн кеңири спектрин камтыйт. Бул макала кибер зордук-зомбулуктун психологиялык ден соолукка, социалдык өз ара аракеттенүүгө жана коомчулук менен болгон мамилелерге тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган. Бул болсо жыйынтыгында кибер зордук-зомбулуктун курмандыктарын колдоонун жана коргоонун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.

Cited by 0 works. doi:10.52754/16948874_2024_2(4)_7 Open-access PDF

Authors