НОТАРИАТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ

Kairynisa Amirova, Багдагүл Мамашарип кызы, Талант Төлөгөн уулу · Вестник Ошского государственного университета Право · 2025

Макалада нотариат чөйрөсүндө жасалма интеллект (ЖИ) технологияларынын колдонулушу жана алардын нотариаттык кызмат көрсөтүүлөргө тийгизген таасири талданат. ЖИнин жардамы менен документтерди текшерүү, кол коюуну автоматташтыруу, идентификациялоо жана мыйзамсыз иштердин алдын алуу сыяктуу процесстерди оптималдаштыруу мүмкүнчүлүктөрү каралат. Нотариат — жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо маанилүү институт болуп саналат. Санариптик технологиялар, анын ичинде электрондук кол тамгалар, электрондук башкаруу жана жасалма интеллект, нотариаттык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзөт

Cited by 0 works. doi:10.52754/16948661_2025_1(6)_3 Open-access PDF

Authors