ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУДА ПРОГНОЗДУК МОДЕЛДЕРДИН КОЛДОНУЛУШУ
Азисбек Абдилкариевич Бексултанов, Адилет Нурканбекович Мелисов, Гүлмайрам Жоробаевна Аманова · Открытый журнал евразийских исследований · 2025
Бул макаланын максаты – экономикалык чечимдерди кабыл алууда прогноздук моделдердин теориялык негиздерин, колдонуу чөйрөсүн жана артыкчылыктарын изилдөө болуп саналат. Изилдөөдө экономиканын кайра иштетүү тармагындагы экономикалык маселелерди прогноздук моделдердин жадамында Кыргызстандын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө негизделген көп факторлуу регрессиялык модель жана анын негизинде келечекке ИДП боюнча прогноз берилет. Экономикалык субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана ишканалардын натыйжалуу чечим кабыл алуусунда прогноздук моделдер өзгөчө мааниге ээ. Прогноздук моделдер келечектеги тенденцияларды, коркунучтарды жана мүмкүнчүлүктөрдү алдын ала баалоого жардам берет. Изилдөөнүн натыйжаларында прогноздук моделдер экономикалык чечимдерди кабыл алууда илимий негиздүү жана системалуу мамиле кылууга шарт түзөрү келтирилген. Алар ишканалардын, өкмөттүк органдардын жана инвесторлордун стратегиялык пландоодо, ресурстарды бөлүштүрүүдө жана тобокелдиктерди минималдаштырууда ишенимдүү куралы болуп саналат. Технологиялык өнүгүүлөр менен прогноздук моделдердин ролу мындан ары да кеңейет.
Cited by 0 works. doi:10.65469/eijournal.2025.1.5 Open-access PDF