КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫНДАГЫ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ТИШ КАРИЕСИНИН ТАРАЛЫШЫ ЖАНА ИНТЕНСИВДҮҮЛҮГҮ
АКМАТОВ МУСТАКИМ АБЫТКАНОВИЧ, Абдимамет Маметибраимович Сыдыков, ДЖУРАЕВА ЧИНАРА МУРАТОВНА et al. · Zenodo (CERN European Organization for Nuclear Research) · 2025
Кыргыз Республикасынын аймагы бир катар климаттык-географиялык өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт: тоолор менен тегиз аянттардын алмашып турушу, кычкылтектин парциалдык басымынын төмөн болушу, абанын төмөнкү температурасы, интенсивдүү табигый радиация ж.б. Ошого карата тиш кариесинин таралышы Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында ар кандай болот. Бул статьяда Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы мектеп окуучуларынын арасында стоматологиялык оорулардын таралышынын жана интенсивдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүн изилденген. Изилдөөлөр натыйжасында Баткен районунун мектеп окуучуларынын арасында тиш кариесинин таралышы 81,1%ды түздү. Тиш кариесинин интенсивдүүлүгү КПУ=1,24 болгон. (К-1,16, П-0,03, У-0,04). 12 жаштагы балдардын туруктуу тиштеринин кариесинин интенсивдүүлүгү КПУ=1,35 болгон. (К-1,30, П-0,02, У-0,03). 7 жаштагы балдардын сүт тиштеринин кариесинин таралышы кп=5,70 (k-5,65, п-0,01) болгон. Тиш гигиеналык чараларга муктаждык 37,3%ды түздү.
Cited by 0 works. doi:10.5281/zenodo.18269115