Информатика курсун техникалык жогорку окуу жайларда окутуунун инновациялык билим берүү технологиялары

Айжамал Чоюбекова, Эшаров Элзарбек Асанович, Begimai Bakhtiyarovna Sydykova et al. · Открытый журнал евразийских исследований · 2026

Информатика бүгүнкү күндө билим берүү тармагынын эң ылдам өнүгүп жаткан жана практикалык мааниге ээ багыттарынын бири болуп саналат. Техникалык жогорку окуу жайларында бул дисциплинаны окутуу – студенттерди маалыматтык технологиялар дүйнөсүнө даярдоонун негизги этабы. Санариптик доор билим берүү процессинен жогорку натыйжалуулукту, практикалык көндүмдөрдү жана инновациялык ой жүгүртүүнү талап кылат. Ошондуктан информатика курсун окутууда инновациялык билим берүү технологияларын колдонуу зарылдык гана эмес, билим берүү сапатын жогорулатуунун жана студенттердин кесиптик потенциалын өнүктүрүүнүн негизги шарты болуп калды. Инновациялык билим берүү технологиялары дегенде окутуунун мазмунун, методдорун жана формаларын жаңылоо, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды интеграциялоо, окутуунун адаптивдүү, интерактивдүү жана мобилдик моделдерин киргизүү түшүнүлөт. Бул ыкмалар студенттин активдүү катышуусуна, чыгармачылык потенциалын ачууга, индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билимди терең өздөштүрүүгө шарт түзөт.

Cited by 0 works. doi:10.65469/eijournal.2026.1.14 Open-access PDF

Authors