ЭТНОЛИНГВИСТИКА ЖАНА ЫЙЫК «БИР», «ЖЕТИ» САНЫНДАРЫНЫН ТААНЫМДЫҚ САПАТЫ
Гүлдархан Қалиқызы Рысбаева, Turusbek Marazykov, Сауле Тлебалдина · Вестник Ошского государственного педагогического университета имени А Мырсабекова · 2026
Бул макалада казак жана кыргыз элдеринин дүйнө таанымындагы ыйык, касиеттүү «бир», «жети» санынын семантикалык талаасына кирген лексикалык бирдиктер этнолингвистикалык жактан талданат. Азыркы учурда айлана-чөйрө, аалам, дүйнө тууралуу бардык маалыматтар элдин кылымдар бою калыптанган дүйнө таанымынын негизинде жаралган тилдик бирдиктер – макал-лакаптар, фразеологизмдер, канаттуу сөздөр аркылуу сакталып, атадан балага, муундан муунга өтүп, дүйнөнүн тилдеги бейнеси улам жаңыланып, толукталып отурат. Ар бир улуттун өзүнө таандык ааламдын тилдик бейнеси бар, анткени тил – ой жүгүртүүнүн жана карым-катнаштын каражаты гана эмес, бүтүндөй этностун руханий жана маданий жүзүн чагылдырган күзгү. Тилдеги маданий баалуулуктар сөздөрдүн мааниси аркылуу улуттук мүнөздүн жана улуттук менталитеттин калыптанышына өбөлгө түзөт. Ыйык «бир», «жети» сандарын этномаданий, символдук жана философиялык таанымдык модели ар түрдүү аспектилерде каралып, касиеттүү «бир», «жети» санындарын улуттук жана этномаданий өзгөчөлүктөрү ачылып көрсөтүлөт. Изилдөөнүн жыйынтыгында терең маданий маалыматты камтыган дүйнөнүн лингвистикалык бейнеси мүнөздөлөт
Cited by 0 works. doi:10.56122/..v1i1.554 Open-access PDF